Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу өнөктүгү жүрүүдө


7-июлдан тарта Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда кабыл алуу өнөктүгү өтүп жатат. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, 12-июлга чейин кабыл алуунун биринчи туру, 14-19-июлга чейин экинчи туру өтөт. Быйылкы тестирлөөнүн жыйынтыгына ылайык, университеттерде акысыз билим алуу үчүн эң төмөнкү балл 110 болсо, келишимдик негиздеги билим алуу үчүн 105 балл топтогондор гана талонун таштай алат.

Өлкөдө Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Борбор Азиядагы Америка университети, эл аралык “Ататүрк-Ала-Тоо” университети абитуриенттерди өз алдынча кабыл алат. Алардын ичинен “Манаста” 6-июлда өткөн кабыл алуу сынагына 7300дөн ашык улан-кыз катышкан. Бүгүн жыйынтыгы чыгарылып, аны менен 1642 студент кабыл алынууда. Мындан сырткары 100гө жакын студент жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча тандалып алынмакчы.

Аталган университет Европанын илимий өндүрүш палатасы дүйнөдөгү жогорку окуу жайлардын сапатын текшерген атайын иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен өлкөдөгү эң мыкты жогорку окуу жай деп таанылган.

XS
SM
MD
LG