Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:43

Футбол чемпионаты: Германия-Бразилия - 7:1


Дүйнө чемпионатынын жарым финалында Бразилиянын футболчулары германиялык атаандаштарынан 7:1 эсебинде утулуп калды. Оюн бүгүн Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 2де башталды.

Беттештин биринчи бөлүгүндө эле германиялыктар 5 жолу гол киргизишти. Экинчи таймдын алгачкы эки голу да немистердин эсебине жазылды. Бразилиялык футболчулар беттеш аяктар алдында бир топ киргизип, эсепти 7:1ге өзгөртүшту. Талаа ээлеринин жалгыз голун Оскар до Сантос дарбазага жолдоду. Немистерге ири утуш алып келген оюнда топту Томас Мюллер, Мирослав Клозе, Сами Хедира, Тони Кросс жана Андре Шюррле киргизишти.

2002-жылы Жапониядагы чемпионаттын финалында Бразилия Германияны 2:0 эсебинде уткан. Бүгүнкү таймашка бразилиялык атактуу чабуулчу Неймар катышкан жок. Ал Уругвай менен болгон чейрек финалдык беттешүүдө омурткасынан жараат алып, азыр ооруканада жатат.

Буга чейин Бразилия беш жолу, Германия үч жолу дүйнө чемпиону болгон.

Эми 10-июлда Аргентина-Голландия курамалары беттешет. Утканы Германия менен, утулганы Бразилия менен күч сынашат. (SE)

XS
SM
MD
LG