Кыргызстандык жаш актер Канат Абдырахманов Кытайда “Ажыдаардын кылычы” аттуу тарыхый тасмага тартылып жатат. Жоокердин ролундагы Канат кинодо мушташуучу сахналар үчүн алдыңкы аскерлердин биринин ролуна тандалды.
Фильмдин продюссери - белгилүү актер Жеки Чан, ал эми режиссеру Даниел Ли.
60 миллион долларга тартылып жаткан тасма Кытайдагы эң ири бюджеттүү фильм болору айтылууда. Ал чоң экранга 2015-жылдын жазында чыгат.
Байыркы Кытай жана байыркы Рим аскерлеринин мамилесин чагылдырган тасмада Голливуддан келген Жон Кюзак жана Эдриан Броуди сыяктуу атактуу актерлор да роль жаратууда.
Канат Абдырахманов аталган фильмге Кытайдагы досторунун сунушу менен тандалып алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” актер өзү маалымдады.
Ал буга чейин “Бакыт баасы”, “Соолуган гүлдөр-2” жана “Салам, Бишкек” тасмаларына тартылган. (SE)