Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Жапониядагы тайфундан эки киши каза болду


Катуу шамалдан дагы бир канча адам оор жараат алганы кабарланууда. Жапониянын түштүгүндөгү Окинава аралдарын шейшембиде кубаттуу тайфун каптаган. Жарым миллиондон ашуун адам үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга көчүштү. Табигый апаат транспорт каттамдарын жана аралдагы башка иштерди токтотту.

Жапониянын метеорология агенттигинин маалымдашынча, тайфундун ылдамдыгы саатына 194 чакырымдан 240 чакырымга чейин жетти. Суу аралаш бороон андан ары Кюсю аралын жана Нагасаки шаарын көздөй багыт алды.

Кытай жана Тайвандын өкмөттөрү өз кемелерине толкун басылганча сапарга чыкпай турууну эскертти.

XS
SM
MD
LG