Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

“Мен уйгурмун” китебинин айланасында талаш күчөдү


Бишкектин Октябрь райондук соту уйгур коомчулугун арызы боюнча “Мен уйгурмун” аттуу китепти таратууга тыюу салды. Китептин автору буга нааразы болуп, сотко доо арыз жолдоду.

“Эркиндик үнү” уюму тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстандагы уйгурлардын “Иттипак” коомунун мурдагы жетекчиси, ишкер Нурмухаммед Кенжиев жазган китепте “улут аралык кастыкты козутуучу сөздөр бар” деген негиз менен “Иттипактын” азыркы жетекчилиги сотко кайрылган.

Кенжиев китепе этникалык уйгурлардын келечеги жөнүндө өз ойлорун жазганы үчүн сот жообуна тартылышы анын намысына шек келтирерин белгилейт.

“Иттипак” коомунун өкүлдөрүнүн айтымында, китепти таратпоо зарылдыгы тууралуу чечим 2013-жылдын 2-декабрында кабыл алынып, өткөн айда сот аны канааттандырган.

Китеп бир жыл мурун 500 нускада уйгур, орус жана англис тилдеринде басылган. (SE)

XS
SM
MD
LG