Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

Бишкекте алгачкы “Инновациялык агрардык технологиялар борбору” ачылат


Кыргызстанда биринчи жолу “Инновациялык агрардык технологиялар борбору” мекемесин ачылып жатат. Ал Кыргызстанга келечектүү агрардык технологияларды импорттоо жана жергиликтүү окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан техникалык каражаттарды сыртка экспорттоо багытында иш алып барат. Андан сырткары окумуштуулардын илимий эмгектерин өндүрүшкө киргизүү, айыл чарбасындагы инновациялар боюнча маалыматтык-аналитикалык базаны түзүү пландары да бар. Мекемени улуттук агрардык университети, "Прогрессивдүү" демилгелер фонду жана «Акыл тирек» сынагынын жеңүүчүсү Рыскул Касымбеков негиздешкенин уюштуруу тобу маалымдады.

Ачылыш аземи бүгүн Бишкектеги Улуттук агрардык университетте болот. (SE)

XS
SM
MD
LG