Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Казакстанда мунайдын кармалышы майдын кымбатташын шарттады


Орусиядан Казакстан аркылуу Кыргызстанга ташылып келаткан 1000 вагонго жакын мунайдын кармалышы өлкөдө күйүүчү майдын кымбатташын шарттады. Мындай билдирүүнү бүгүн Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы таратты. Билдирүүдө айтылгандай, учурда Казакстандын “Луговое” темир жол станциясында 500 вагон, Кыргызстанга алып келаткан дагы 400 вагондон ашык күйүүчү май Орусия менен Казакстандын чек арасында кармалып турат. Казакстандын бажысы өз өкмөтүнүн сыртка мунай ташууга чектөө киргизген токтомун жүйө кылып, кармап жатат. Бирок Нефтетрейдерлер ассоциациясы муну негизсиз деп баалоодо. Анткени аталган мунай Казакстандан эмес, Орусиядан ташылып келе жаткан. Мунайдын кармалышынан улам апрелден бери өлкөдө Аи-92 жана Аи-80 маркасындагы бензин 2 сомго, дизелдик отун 3 сом 50 тыйынга кымбаттады. Бул маселе чечилбесе, өлкөдөгү күйүүчү майдын дагы кымбатташына шарт түзүшү мүмкүн.

Буга чейин ассоциация өкүлдөрү кыргыз жана казак өкмөттөрүнө бул маселени чечип берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок маселеде жылыш жок. Ошондуктан, ассоциация өкмөткө бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранды.(BkA)



XS
SM
MD
LG