Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

Жалал-Абад: айдоочулар иш таштоону улантууда


Жалал-Абадда Жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазанын айдоочулары иш таштоону улантууда. Алар 2-июлда кызматтан алынган автобазанын директору Кочкорбай Алдозовду кайра ордуна коюуну жана автобазанын финансалык абалын жакшыртууну талап кылууда. Акцияга 30 айдоочу жана 14 техникалык кызматкер катышууда.

Бүгүн иш таштаган айдоочулар менен шаардын вице-мэри Турдали Темирбаев жана мурдагы директор Кочкорбай Алдозов жолугуп, жумушка чыгууга үндөдү. Бирок айдоочулар бул талапка көнгөн жок.

Ал эми Жалал-Абад шаар мэриясы Кочкорбай Алдозов мэриянын комиссиясынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен кызматтан алынганын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG