Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Италияда кыргызстандык гимнасттар 8 байге утту


9-июлда Италиянын Латина шаарында өткөн көркөм гимнастика боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык кыздар 3 алтын, 5 коло байгелүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев кабарлады.

Чоңдор арасындагы өнөр таймашында Феруза Садыкова бир алтын, бир коло байге утту. Өспүрүм кыздардан Светлана Руденко да баш байгенин ээси болду. Жеткинчектерден Айша Изабекова үч медал утса, анын бирөө алтын, экөө коло байге. Алты жаштагы Карина Сапаева да үчүнчү орунду ээлеп, адистердин көңүлүн бурду. Италиядагы мелдешке Кыргызстандан 9 гимнаст катышты.

Бул эл аралык турнирге Кыргызстан, Орусия, Израил, Украина, Кытай, Эстония, Литва, Латвия, Хорватия жана Италиянын гимнасттары катышты.(КМа)

XS
SM
MD
LG