Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Бирдиктүү мектеп формасына өтүүгө даярдык көрүлө баштады


Кыргызстандагы мамлекеттик орто мектептер келерки жаңы окуу жылынан тарта бирдиктүү формага өтөт. Бүгүн вице-премьер-министр Элвира Сариева тиешелүү мамлекеттик органдарга буга даярдык көрүү тапшырмасын берди. Анын айтымында, тигүү цехтери атайын техникалык стандарттарды сактоо менен формаларды тигип, базарга алып чыкса болот. Ал эми мамлекеттик органдар анын сапатын жана баасын көзөмөлгө алышы зарыл. Буга чейин Бишкекте мектеп формаларынын эскиздери боюнча сынак жарыяланып, анын жыйынтыгы менен модельер Элвира Султангазиеванын сунушу жеңип чыккан.(BkA)

XS
SM
MD
LG