Бул тууралуу муфтийдин орун басары Замир Ракиев билдирди. Анын айтымында, ислам динине күч колдонуу менен бийлик басып алуу аракеттери каршы келет. Ошондуктан, учурда бул багытта жаштарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
- Элибизде ыйман болуп, өзүбүздүн мамлекеттүүлүгүбүздү сактап, акыл - эс менен жүрүп, ата-бабабыз кармап келген динди тутунганыбыз эң туура. Ал эми башка мамлекеттерде болуп жаткан окуялар алардын ички саясаты, аларга аралашпаганыбыз туура. Ханафи-мазхабын кармоого аракеттенсек, ата-бабабыздын жолун тутуп, коомубузду сактап, келечекке жакшы кадам таштоого умтулуубуз керек, - деди Ракиев.
29-июнда Ирак менен Сириянын айрым шаарларын басып алган "Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети" деп аталган "ал каидачыл" уюшма бул аймакта Ислам халифаты түзүлгөнүн жарыялаган. Анын жетекчиси Абу Бакир ал-Багдади өзүн халиф деп жарыялап, дүйнөдөгү бардык мусулмандарды өзүнө баш ийүүгө чакырган.(BkA)