Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:04

Украина Москваны украин офицерин бошотууга чакырды


Украина Орусияда өткөн айда орусиячыл жикчилдер барымтага алган офицер Надя Савченкону бошотууга чакырды. Кабарларда Савченко Орусиянын Воронеждеги камак борборуна которулганы айтылууда, бирок бул маалыматты орусиялык бийликтер бышыктай элек. 8-июлдагы билдирүүсүндө, Украинанын Тышкы иштер министрлиги «Савченконун Орусияга которулганы чын болсо, бул Чыгыш Украинада террористтер Орусиянын жашыруун кызматтары менен чогуу иштеп жаткандыгын көрсөтөт» деди. Министрлик Москвадан Савченкону «мыйзамсыз барымтага» алгандарды жазалоону талап кылды. Украинанын аба күчтөрүнүн улук лейтенанты болгон 33 жаштагы Савченко украин армиясында 10 жылдан бери кызмат өтөйт.

XS
SM
MD
LG