Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:22

Жарым финалда Германия Бразилияны оңколотту


Дүйнөлүк футбол чемпионатынын биринчи жарым финалында Германия Бразилияны 7-1 эсебинде утуп алды. Кечээги оюндун 18-мүнөтүндө эле немистер конок ээсинин дарбазасына беш топ киргизип, көрөрмандарды таң калтырды. Биринчи топту Томас Мюллер 11-мүнөттө бурчтан туруп тээп киргизсе, чабуулчу Мирослав Клоуз экинчи, Тони Крооз 24чү, 26чы мүнөттөрдө үчүнчү жана төртүнчү, ал эми Сами Хедира 29-мүнөттө бешинчи топту киргизди. Оюндун экинчи жарымында Андре Шурле 10 мүнөт ичинде эки гол киргизип, Германия 7-0 эсебинде келатты эле, 90чу мүнөт дегенге гана Оскар Бразилиянын бул оюндагы алгачкы жана акыркы тобун киргизе алды. Экинчи жарым финал 10-июлда өтөт, анда Аргентина Голландия менен беттешет. Кимиси жеңсе, ал команда Германия менен чечүүчү таймашка чыгат.

XS
SM
MD
LG