Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Маматалиев: Тажикстан менен жол боюнча пикир келишпестиктер болушу мүмкүн


Баткенде жаңыдан салынып жаткан Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жана Ворух-Исфара жолун пайдаланууга байланыштуу пикир келишпестиктер болушу мүмкүн. Бул тууралуу коопсуздук боюнча вице-премьер Абдырахман Маматалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жолдун курулушу боюнча протоколго кол коюлган. Ага ылайык курулуш 10-июлдан кечикпей башталышы керек. Бирок аны пайдаланууга байланыштуу ар кыл пикирлер болушу мүмкүн:

- Бул маселе боюнча карама-каршы пикирлердин болушу жолдун курулушуна таасирин тийгизбейт. Биз ал жолду кура беребиз. Ал курулуш бүткөнчө макамы аныкталат. Биз Көк-Таш - Ак-Сай – Тамдык жолунда биздин жарандар гана жүрүшү керек, ал эми Ворух-Исфара жолунун жаңы бөлүгүндө тажик жарандары жүрсүн деп сунуштап жатабыз. Буга байланыштуу тажик тараптын өз варианты болушу мүмкүн. Анын баары сүйлөшүлөт.

Бүгүн Тажикстандын Кайра-Кум шаарында эки өлкөнүн эксперттеринин салынып жаткан жолдорду пайдалануу боюнча келишимдин долбоорун даярдоо боюнча сүйлөшүүлөрү аяктап жатат. Буга чейин айрым маалымат каражаттары Тажикстандын Согди облусунун жетекчисинин орун басары Жумабай Сангиновго шилтеме берип, жол боюнча сүйлөшүүлөрдө жаңы пикир келишпестиктер жаралганын жазып чыккан.(BkA)

XS
SM
MD
LG