Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Орусия «Ангараны» кайра учуруп көрөт


Орусия бүгүн советтик мезгилден берки алгачкы жаңы космос ракетасын дагы бир жолу учурууга аракеттенет. «Ангара» деп аталган жаңы муундагы ракета 27-июнда абага көтөрүлө албай койгон эле. Баштан-аяк Орусияда жасалган «Ангара» өлкөнүн түндүгүндөгү согуштук Плесецк космодромунан саат канчада учурулары айтылган жок. Ал орбитада Орусиянын Арктика жээгин бойлоп, кыска убакытка учат деп пландалган. Июндагы учуруу аракетинин ишке ашпай калышы кычкылдантуучу челекте абанын басымы түшүп кеткендиги менен түшүндүрүлгөн эле. Орусияда космос тармагы 1990-жылдардан бери бюджеттин кыскарышынан жана адистердин чет өлкөлөргө кетип калышынан улам аксап калган эле. «Ангара» президент Путиндин бул тармакты реформалоо аракетине сынак болуп калмакчы.

XS
SM
MD
LG