Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

Навальныйдын шериктеринин батирлери тинтилди


Орусияда күч органдары Никита Кулаченков менен Георгий Албуровдун Москвадагы үйлөрүн тинткенин экөөнүн адвокаттары журналисттерге билдиришти. Алардын айтымында, тинтүү өткөн айда оппозиция лидерлеринин бири Алексей Навальныйдын батиринде табылган сүрөткө байланыштуу жүргүзүлдү. Сүрөттү тергөөчүлөр Москвадан 200 чакырымдай түндүк-чыгыштагы Владимир шаарынан уурдалган деп ырасташууда. Бул 2013-жылдагы бөлөк бир уурулук кинеси менен ансыз деле беш жылдык шарттуу мөөнөттү өтөп жаткан Навальныйга каршы айыптоолордун эң соңкусу болуп саналат. Навальный өзүнө каршы кылмыш иштерин саясий куугунтук деп айткан.

XS
SM
MD
LG