Балыкчы - Каракол жолунда айдоочудан пара талап кылган деп шектелип жаткан жол-кайгуул инспектору Жыргалбек Самановго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү жана жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Кубан Мамакеев кабарлады. Анын айтымында, Самановго Кылмыш-жаза кодексинин “пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал Ысык-Көл облустук прокуратурасына өткөрүлдү.
Ош мамлекеттик университетинин 30га чукул студенти 7-июлда Бишкектеги Республикалык жол-кайгуул кызматынын имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөргөн. Студенттердин айтымында, алар Ысык-Көлгө эс алууга бараткан кезде унааны жол-кайгуул кызматкери токтотуп, айдоочудан 10 миң сом пара талап кылган. Студенттер бул окуяны териштирип, пара талап кылган кызматкерди жоопко тартууга чакырышкан. Буга чейин Жол-кайгуул кызматы бул окуя боюнча атайын иликтөө жүрүп жатканын жана Саманов убактылуу кызматтан четтетилгенин кабарлаган.(BkA)