Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

Коргоо министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Коргоо министрлигиндеги коррупциялык факттар боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 2011-2012-жылдары Ала-Бука районуна аскердик имараттарды куруу боюнча тендер өткөрүлгөн. Ага 197 миллион сомдон ашык каражат сарпталган. Бул иште министрлик өкүлдөрү курулуштун баасын атайын жогорулатып, мамлекетке 2 миллион сомдон ашык зыян келтирген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин негизинде иш козголуп, тергөө башталды.(BkA)

​
XS
SM
MD
LG