Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:52

ИИМ: Баңги аткезчилер уюшмасынын бети ачылды


Ички иштер миистрлиги бүгүн Баткенде 30 желим баштыкка дээрлик 16 килограмм героин алып бараткан киши колго түшкөндөн кийин, «Орусияга маңзат ташыган уюшманын бети ачылды» деп ырастады. Министрликтин маалыматы боюнча, кармалган адам мыйзамсыз баңги аткезчилиги менен такай алектенип келген. Министрлик андан башка ким кармалгандыгын маалымдаган жок, бирок «маңзаттарын мыйзамсыз өндүрүү, сатып алуу, алып жүрүү жана ташуу» боюнча тергөө жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Баткен менен чектеш Тажикстан Ооганстандан Орусия менен Европага героин ташылган аткезчилик жолдо жайгашкан. Ооганстан мыйзамсыз героин чыгаруу боюнча дүйнөдөгү эң ири өндүрүүчү деп саналат. (JCh)

XS
SM
MD
LG