Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Укук коргоочулар окуу жайлардагы кабыл алуу жараянына байкоо жүргүзөт


Акыйкатчы аппаратынын 30 кызматкери жогорку окуу жайларындагы кабыл алуу жараянына көз карандысыз байкоо жүргүзүшөт. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди. Мониторинг жүргүзүү тууралуу буйрукка акыйкатчы Бакыт Аманбаев кол койду. Билим берүү жана илим министри да укук коргоочуларды окуу жайларга тоскоолдуксуз киргизүү тууралуу буйрук чыгарды.

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү бардык облустардагы жана борбор калаадагы окуу жайларда нөөмөттө турушат. Укугу бузулган абитуриенттер аларга жеринде кайрылса болот. (SE)

XS
SM
MD
LG