Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Ташиев тосмодон ашканы мыйзамсыз болгонун мойнуна алды


Камчыбек Ташиев оппозиция митингинде. Бишкек, 4-апрель, 2014
Камчыбек Ташиев оппозиция митингинде. Бишкек, 4-апрель, 2014

“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев 2012-жылдын 3-октябрдагы митинг учурунда Жогорку Кеңештин имаратына кирүү аракети туура эмес болгонун НТС телеканалындагы маегинде билдирди. Ал бул кадамды бийликти басып алуу эмес, Кумтөр маселесине коомчулуктун көңүлүн буруу максатында жасаганын айтты:

- Тосмодон аттап өткөнүбүз мамлекеттик ишмер катары, депутат катары туура эмес болгонун мойнубузга алабыз. Бул өтө оор болсо да биз мойнубузга алышыбыз керек. Ал үчүн биз өз жазабызды алдык. Түрмөгө отурдук, мандатыбызды алдырдык. Бирок ал аракетти биз өз маселебизди чечүү же бийликти басып алуу максатында эмес, элдин, мамлекеттик кызыкчылыгы үчүн Кумтөр маселесин чечүү аракетинде жасаганбыз, - деди Ташиев.

Ошол эле мезгилде оппозициялык саясатчы абакта отурган маалда бийлик тарабынан саясий басым, күч колдонуу болбогонун билдирди. Ташиев орозо айынын урматына катуу сөз айтып капа кылган бардык жарандардан, анын ичинде бийлик өкүлдөрүнөн кечирим сурай турганын кошумчалады.

Жогорку Сот былтыр 6-августта “Ата-Журт” партиясынын мүчөлөрү Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду күнөөлүү деп тапкан. Ага ылайык, сот 2012-жылы 3-октябрдагы митингде бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен Ташиев менен Жапаровго 1 жыл 5 ай, Мамытов менен Ташиевдин жансакчыларына 1 жылдан жаза мөөнөтүн берген. Андан соң алардын депутаттык манданттары алынган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG