Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Баткенде жол курулчу аймактан тажик аскерлери чыгарыла элек


Мындай маалыматты Ак-Сай айылынын тургундарынан “Азаттыка” билдиришти. Аны облустук бийлик өкүлдөрү да тастыкташты.

Баткендеги Тажикстандын Ворух, Кожалы айылдарын айланып өтүүчү Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык – Кишемиш жолунун курулушу бүгүн жанданаары күтүлүүдө. 3-июлда кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрүнүн чек ара сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында ушундай макулдашуу болгон.

Аталган жолду куруу үчүн талаш жаратып келген 70 сотых жерде Тажикстан ушул жылдын 11-январында жайгаштырган аскерлери дагы деле өз ордунда турат. Жолдун курулушу вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн түштөн кийин Баткенге келген соң башталарын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришүүдө. (JsA)

XS
SM
MD
LG