Кошмо Штаттардын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Жеймс Доббинс Ооганстандагы президенттик үчүн күрөшкөн эки талапкер өлкөнүн бөлүнүп кетишине жол бербөөсү үчүн коалициялык өкмөт түзүшү керек деди. «Блумберг» маалымат агенттиги билдиргендей, Доббинс шаршембидеги конференцияда сүйлөгөн сөзүндө «азыр Ооганстанда жеңүүчү бүт баарына ээлик кылат» деген система иштебейт деген. Элчинин пикиринде, «азыр бардык тараптарды бириктирген өкмөт гана ийгиликке жетише алат». Президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын 7-июлда чыгарылган алгачкы жыйынтыгы боюнча азыр талапкерлер Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла айтышып жаткан учур. Абдулла шайлоодо жеңгенин жарыялап, Гани бир миллион ашыкча добушту «шайлоодо бурмалоолордун натыйжасында алган» деп жатат. Кризисти талкуулоо үчүн АКШнын мамкатчысы Жон Керри эртең Кабулда жыйын өткөрмөкчү.