Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Маматалиев: Чек арадагы чыр провокацияга окшоп турат


«Азаттыктын» тажик редакциясына кыргыз-тажик чегиндеги бүгүнкү инцидент тууралуу сүйлөп жатып, Кыргызстандын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев «бул даана провокацияга окшоп турат» деди. «Биз акыркы үч айдан бери тажик тарап менен чек ара маселелеринде конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көпчүлүк учурда мунаса табылчу деңгээлге жеткенбиз. Бул кимдир бирөөгө жакпай жаткан болушу толук мүмкүн», - деди А. Маматалиев.

Бүгүн кыргыз-тажик чек арачылары атыша кеткен. Чыр чек арада мыйзамсыз аракетке барган тажик жарандары кыргыз чек арачыларына баш ийбей коюшунан чыкканы айтылууда. Тажик тарап бул чырдан бир жараны өлүп, бешөө жарадар болгонун кабарлоодо. Кыргызстандын чек ара кызматы болсо кыргыз тараптан окуядан жабыр тарткандар жок экенин кабарлады. (TD)

XS
SM
MD
LG