Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Украинадагы атышууда үч өкмөттүк аскер курман болду


Өлкөнүн чыгышындагы орусиячыл сепаратисттер менен атышууларда акыркы 24 саатта үч украин аскери курман болду, дагы 27си жаракат алган. Армиядан айтышкандай, бир аскер Луганскка жакын жерде козголоңчулар аскерлердин машинесин аткылашканда набыт болду. Ал эми эки аскер Донецкте жолго коюлган минадан аскерлерди ташыган машине жарылганда өлгөн.

9-июлда Франциянын президенти Франсуа Олланд менен Германиянын канцлери Ангела Меркел украин президенти Петро Порошенкону «кризисти саясий жол менен чечүүгө» үндөштү. Порошенко «сабырдуулукту» карманууга убада бергени менен, сепаратисттер Орусиядан дале курал-жарактарды алып жатышканына даттанганы айтылат. Ал арада Евробиримдик Украинадагы кризистин айынан санкция жарыяланган адамдардын тизмесине дагы 11 кишини кошуп жатканы маалым болду.

XS
SM
MD
LG