Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Пакистанда АКШнын пилотсуз учагынын чабуулунан алты козголоңчу өлтүрүлдү


Пакистандагы расмий өкүлдөрдүн айтымында, бүгүн Түндүк Вазиристанда Ооганстан менен чек арага жакын жерде АКШнын пилотсуз учагынын чабуулунан исламчыл козголоңчу болушу мүмкүн делген алты киши тындым кылынган. Мындан бир күн мурун Пакистандын армиясы аймакты талиптерден тазалоо операциясынын алкагында маанилүү саналган Миранша шаарынын 80% көзөмөлдү кайра орнотконун кабарлаган. Өкмөттүк армия Түндүк Вазиристанда операциясын июндун ортосунда баштаган. “Азаттыктын” пакистан кызматынын кабарына караганда, атышуулардын айынан аймакта там-жайын таштай качкандардын саны 572 миң адамга жетти.

XS
SM
MD
LG