Башкы прокуратура кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү делген Азиз Батукаевди Кыргызстанга кайтаруу боюнча ишти улантууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу кабарлады. Анын айтымында, Батукаевди кайтаруу боюнча өтүнүч Орусиянын тиешелүү органдарына жиберилген. Учурда ага жооп күтүп жатат.
Ошол эле кезде Башкы прокуратура Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча да кылмыш ишин козгогон. Учурда аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергеп жатат.
Өткөн жылдын 9-апрелинде он алты жылга кесилген Азиз Батукаевди абактагы жарым мөөнөтү бүтө электигине карабай "айыккыз ооруга чалдыкты" деген негизде Нарын шаардык соту бошотуп жиберген. Бул 2013-жылдын эң чоң саясий жана чуулуу окуясы катары талкууланып, президенттин, өкмөттүн атына дооматтар коюлган. Бирок быйыл апрель айында Башкы прокуратуранын келтирген өтүнүчүнүн негизинде Нарын шаардык соту Батукаевди бошотуу боюнча мурдагы чечимин жокко чыгарган эле. Ага Батукаевдин тез аранын ичинде өлүмгө жеткире турган ооруга чалдыккандыгы күмөндүү экендиги себеп болгон. Ай башында болсо Азиз Батукаев Орусиянын Түндүк Осетия республикасында кармалганы кабарланган.(BkA)