11-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда күн күркүрөп, өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 19...24, күндүз 32...37;
Таласта түнкүсүн 12...17, күндүз 30...35;
Баткенде түнкүсүн 15...20, күндүз 31...36;
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 20...25, күндүз 33...38;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28;
Нарында түнкүсүн 9...14, күндүз 23...31.
Бишкекте 11-июлда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында күн күркүрөшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 21...23 градус, күндүз 34...36 градус болот.