Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

БУУ Израил менен Палестинаны атышууларды токтотууга чакырды


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун эл аралык коомчулукту Газа тилкесинде Израил менен Палестина ортосундагы зордук-зобунду токтотуу үчүн ыкчам аракет көрүүгө чакырды. Бүгүн уюмдун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында сүйлөп, баш катчы эки тарапты тең тезинен атышууларды токтотууга үндөдү. Ал козголоңчуларды Израилге ракета атып жатышканы үчүн айыптап, ошол эле маалда Израилге ашыкча күч колдонуу менен жайкын тургундардын өмүрүн коркунучка кептеп жатканы үчүн эскертүү жасады. «Хамас» исламчыл тобунун ракета чабуулдарына жооп иретинде Израил 7-июлда Газага абадан сокку ура баштагандан бери 80ден ашуун палестин жаран набыт болду.

XS
SM
MD
LG