Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуу бойдон


Чек арадагы Тамдык аймагынан Тажикстандын Ворух анклавына жана Кыргызстандын Ак-Сай айылына жол каттамдары буулуп турат.

Абал чыңалуу бойдон экенин, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Сүйлөшүүлөрдүн толук жыйынтыгы азырынча маалым эмес. Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын башчылары атышууну токтотууга келишкени кабарланган.

Ал арада айрым маалымат булактары тажик тараптын аскерлери аябай агрессивдүү маанайда экенин жазып жатышат. Чек ара кызматынын соңку билдирүүсүндө да тажикстандык жоокерлер кыргыз аскерлерин карай маал-маалы менен ок атып жатканы айтылган.

10-июль күнү түшкө жуук чек арачылардын катышуусунда куралдуу кагылышуу болуп, тажик тараптан бир киши өлгөнү, бир нече тургун жаракат алганы айтылган. Эки тарап бири-бирине карама-каршы билдирүүлөрдү таратып, окуя үчүн бири-бирин күнөөлөп жатышат.

Окуя Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун баштоого тоскоолдук кылуу үчүн тажик тараптын атайын чагымы катары да сыпатталууда.(SE)

XS
SM
MD
LG