Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Ооганстанда талиптердин командири өлтүрүлдү


Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Бадахшан провинциясында согушкерлердин командири өлтүрүлдү. Провинциялык өкмөттүн катчысы Абдул Навид 10-июль күнү билдиргендей, өзүн "Бадахшандагы талиптердин губернатору",- деп айтып жүргөн кары Фасих-у-дин Журам районундагы салгылашууда өлтүрүлдү. Талиптерден дагы 4 киши, өкмөт күчтөрүнөн төрт жоокер жараат алды.

Мамлекетте талиптердин кыймылы соңку күндөрү жанданганы байкалууда.

Аларга каршы 12 жылдан бери согушкан НАТО башындагы чет элдик аскерлер Ооганстандан кетүүгө камданып жатышканда өлкөдөгү кырдаал бир кыйла татаалдашканын эксперттер белгилеп жатышат.

XS
SM
MD
LG