Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн башчысы июлдан декабрга чейин аймакта СПИД илдетин алдын алууга багытталган анонимдүү профилактикалык иш-чараларды өткөрүү боюнча буйрук чыгарды. Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз кызматы кабарлайт. Текшерүүлөрдүн баары акысыз болот жана тургундарга ВИЧ инфекциясын жуктуруп албоо боюнча кеп-кеңештер айтылат. Ага USAID уюму каржылык көмөк көрсөтөт.
Учурда облуста ВИЧке чалдыккан 108 адам бар. Алардын 67си эркек, 41и аял. (MK\SE)