Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Керри алдын ала айтылбаган сапар менен Ооганстанга келди


АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри шайлоонун жыйынтыктарына байланыштуу жаралган чыңалууну азайтууга салым кошуу максатында алдын ала эскертилбеген визит менен Ооганстанга келди. Шайлоонун болжолдуу жыйынтыгынан улам учурда Ооганстанда этностор аралык жаңжал чыгып кетиши ыктымал болуп турганын адистер белгилешүүдө.

Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Жеф Раткенин айтымында, Керри президенттикке ат салышкан эки талапкер – Абдулла Абдулла жана Ашраф Гани, ошондой эле азыркы президент Хамид Карзай менен жолугат. Көз карандысыз шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун экинчи турунда Гани жеңишке жеткенин жарыялаган. Биринчи айлампада көпчүлүктүн добушуна ээ болгон Абдулла муну ооган элинин тандоосуна каршы чыгуу экенин айтып, жыйынтыкты тааныбай турганын билдирген.

Абдулла Абдулла өлкөдөгү тажик тектүүлөрдүн, Ашраф Гани пуштундардын колдоосуна ээ.

XS
SM
MD
LG