Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:03

Кыргызстанда ВИЧке чалдыккандардын саны тездик менен өсүүдө


Илдетти жуктуруп алгандардын саны соңку эки жылда тездик менен өсүүдө. Жыл сайын 500дөн ашуун адам дартка чалдыгып жатат. Июнь айына карата ВИЧти алып жүргөн кыргызстандыктардын саны 5447 кишиге жетти. Алардын 974ү каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” республикалык СПИД борборунун башкы директору Үмүткан Чокморова билдирди.

ВИЧ илдетин жуктургандардын 57 пайызын баңгизатын колдонуучулар түзөт. Дарт жугуп калгандардын 300гө жакыны - дарыгерлердин шалаакылыгы менен кеселге чалдыккан балдар.

Дарыгерлер соңку кездери Орусия жана Казакстандан бул дартты илештирип келгендердин саны жогорулап жатканын айтууда. (SE)

XS
SM
MD
LG