Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Энергетика министрлигинин жанында “Чырак-2” акциясы өтөт


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдында “Чырак-2” деген аталышта акция өткөрөт. Ал колуна чырак кармап алып, электр энергиясына бааны кымбаттатуу аракетине нааразылык билдирмекчи. Бул тууралуу “Азаттыкка” активист өзү билдирди. Токтонасыров колуна “Коррупцияны жоёлу, тарифтерди коёлу” деген жазууну көтөрүп аларын билдирди. Ал ушундай эле акцияны 7-июлда өкмөт үйүнүн жанында өткөргөн.

Үч фаза колдонгондор үчүн электрдин баасы 1-июлдан тарта 1 сом 20 тыйын болору буга чейин кабарланган. Тарифтердин наркын белгилөө укугу өкмөткө өткөрүлүп берилген. (SE)

XS
SM
MD
LG