Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Кыргызстандык журналистти Өзбекстанда сабап коюшту


Кадамжай райондук “Эл жарчысы” гезитинин башкы редактору Кайрат Жапаровду 10-июль күнү Өзбекстандын жарандары сабап койду. Жапаров Кадамжайдан Ак-Турпак айылына Өзбекстандын Чоң-Гара эксклавы аркылуу өтүп бараткан учурда коңшу өлкөнүн жарандарынын токмогуна кабылган.

Журналист аталган аймакта суу алуу үчүн унаасын токтоткон кезде өзбекстандык топ жигиттер келип, жаңжал чыгарышканын “Азаттыкка” айтып берди. Алар Жапаровду жана анын 6 жаштагы инисин уруп коюшкан.

Окуянын чоо-жайын Кадамжай райондук милициясы териштирип жатат. Учурда Кайрат Жапаров иниси менен райондук ооруканада. (ErN)

XS
SM
MD
LG