Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:28

Кыргызстан чек арадагы окуя боюнча Тажикстанга нота жолдоду


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 10-июлдагы Ак-Сайдагы атышуу боюнча Тажикстанга расмий нота жиберди.

Өлкө Тышкы иштер министрлигинин бүгүн тараткан билдирүүсүндө айтылгандай, окуя тажик жарандарынын мыйзамсыз аракетинен башталган. Ага ылайык, кечээ саат түшкө маал 30га жакын тажик жараны Кыргызстандын аймагындагы Геревшин дарыясынан түтүк менен суу алып өтүүгө аракет кылган. Кыргыз чек арачылары бул иштин мыйзамсыз экенин эскерткен учурда коңшу өлкөнүн жарандары таш атышкан. Андан бир аскер кызматкери башынан жаракат алган. Эскертүү иретинде кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарган. Бирок аталган аймакка жакын жерде жүргөн тажик чек арачылары кыргыз тарапка ок атышкан. Натыйжада кыска убакытка созулган кагылыш чыккан. Мындан соң кечке маал чамасында тажик тарап кайрадан ок чыгарган. Бул жолу тажик аскерлери минометторду колдонгон. Алдын-ала жыйынтык боюнча, бул атыштан кыргыз тараптан жараат алгандар бар. Атышуу токтогонуна карабай, тажик чек арачылары снайпердик курал менен мезгил-мезгили менен ок чыгарып жатат.

Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги тажик тарапты бул сыяктуу окуяларга жол бербөөгө чакырды. Ошол эле учурда быйыл 3-июлда кабыл алынган кыргыз-тажик өкмөттүк комиссиясынын чек арага жакын жайгашкан жолдордун курулушун улантуу боюнча протоколун сактабаганына таң калып жатканын билдирди.

Кечээ чек арадагы окуя боюнча Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги нота жиберген эле.(BkA/JAk)

XS
SM
MD
LG