Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

"Чоң-Капка" өткөрмө бекетиндеги окуя териштирилет


Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Таластагы “Чоң-Капка” өткөрмө бекетиндеги окуяны териштирүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ушул аптанын башында аталган өткөрмө бекеттен мыйзамсыз жол менен күйүүчү май ташыган 2 автоунаа кармалган. Мындан соң аталган жерге кармалган адамдардын жакындары чогулуп, укук коргоо кызматкерлерине күч колдонуу менен айдоочуларды бошотуп алган. Сарпашев Ички иштер министрлигине бул окуяны териштирип, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу тапшырмасын берди.(BkA)

XS
SM
MD
LG