Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Электрге баанын көтөрүлүшүнө каршы акция өтүүдө


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдында “Чырак-2” деген акция өткөрүүдө. Ал колуна чырак кармап алып, өкмөттүн электр баасын көтөрүү аракетине нааразылык билдирип жатат. Ушундай эле акцияны ал 7-июлда Өкмөт үйүнүн жанында өткөргөн. Кийинки акцияны Жогорку Кеңештин алдына өткөрөрүн Токтонасыров кабарлады.

Буга чейин өкмөт электрди үч фазадан алгандарга бааны 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга көтөрүүнү жана жылуулук энергиясын бөлүштүрүү принцибин өзгөртүүнү сунуштап чыккан. Бирок парламентте бул маселе карала турган күнү сунушун кайра артка чакыртып алган. Ошол эле учурда Жогорку Кеңеш кабыл алган жаңы мыйзамга ылайык, мындан ары электрге тарифти өкмөт депутаттардын макулдугусуз эле өзү бекитүүгө укуктуу.

Соңку маалыматка караганда, Өндүрүш Токтонасыровду учурда энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев кабыл алууда. (BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG