Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:40

Кайраккумда кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча сүйлөшүү өтөт


Бүгүн түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасында соңку абал боюнча эки өлкө вице-премьерлери жолугат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушуу Тажикстандын Кайраккум шаарында өтөөрү күтүлүүдө. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы кечээги жаңжалды жөнгө салуу жолдору талкууланмакчы.

Аталган кызмат Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө эки өлкөнүн чек арачыларынын жолугушуусу өткөнү тууралуу маалыматты четке какты. Буга чейин айрым тажик маалымат каражаттары Дүйшөмбүдө жолугушуу өтүп жатканын жазып чыккан эле.

Кечээ түшкө маал Баткендеги Тамдык деген жерде кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда куралдуу жаңжал орун алган. Андан бир кыргыз аскери жаракат алды. Тажик тарап адам өлгөнү, кыргыз чек арачыларына каршы чыккан бир нече тажик тургуну жараат алганын кабарлоодо. Эки тарап карама-каршы билдирүүлөрдү таратып, окуя үчүн бирин бири күнөөлөп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG