Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

Ак-Сайдагы чатакты биргелешкен топ иликтейт


Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматына Согди облусунун башчысынын орун басары Жумабай Сангинов кабарлады. Анын айтымында, мындай чечим Тажикстандын Кайраккум шаарындагы кыргыз-тажик вице-премьерлери Абдырахман Маматалиев жана Муродали Алимардондун бүгүнкү жолугушуусунда кабыл алынды. Ага ылайык, аталган топ чатактын себептерин иликтеп, жыйынтыгы боюнча өкмөттүк комиссияга маалымат бермекчи.

Кечээ түшкө маал Баткендеги Тамдык деген жерде кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда куралдуу жаңжал орун алган. Андан бир кыргыз аскери жараат алды. Тажик тарап адам өлгөнү, кыргыз чек арачыларына каршы чыккан бир нече тажик тургуну жараат алганын кабарлоодо. Эки тарап карама-каршы билдирүү таратып, окуя үчүн бирин бири күнөөлөп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG