Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:33

Украинанын чыгышында төрт өкмөттүк аскер жана беш шахтер набыт болду


Көмүр кенчилерин алып бараткан автобус бүгүн минометтон аткылоого алынып, алардын кеминде төртөө мерт болгону кабарланды. Өкмөттүк эки аскер жана бир чек арачы Орусия менен чек арага жакын жерде жерге көмүлгөн минадан жарылып өлгөн. Дагы бир аскер Донецкидеги Карловка шаарчасына жакын жердеги атышууда окко учту. Ушул күндөрү украин аскерлери өткөрүп жаткан аскерий операцияда кеминде 50 орусиячыл сепаратист өлтүрүлгөнүн армиянын расмий өкүлү Владислав Селезнев кабарлады.

XS
SM
MD
LG