Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:39

Тартыштыктан улам Казакстанга суу эки эсе аз берилип жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Суу чарба жана мелиорация департаментинин төрага орун басары Тилек Исабеков билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү суунун тартыштыгынан улам Казакстан сураган секундасына 39 куб метр суунун ордуна 16 куб метр берилип жатат. Быйыл кырдаалдан чыкканча суу ушундай режимде берилмекчи.

Быйыл жылдын кургакчыл болушу дан эгиндерине, талаа өсүмдүктөрүнө олуттуу зыян келтирүүдө. Айрыкча сугат сууга байланыштуу маселе Чүй облусунда курч болуп жатат. Өкмөт алдындагы Суу чарба департаментинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү суу сактагычтардагы запастын 70 пайызы пайдаланылды. (BkA)

XS
SM
MD
LG