Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Казак премьери Бишкекте бир күндүк иш сапарда болот


Эртең Бишкекке Казакстандын премьер-министри Карим Масимов бир күндүк иш сапар менен келет. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынан кабарлашты. Кыргызстанга мунай ташып келүү, Казакстанга эт жана сүт ташуу, кыргыз-казак инвестиция фондунун ишин жандандыруу - иш сапардын күн тартибиндеги негизги маселелер. Мындан сырткары Масимов “Ак-Жол - Кордой” өткөрмө бекетинин иши менен да таанышмакчы.

Апрелдин ортосунан бери Казакстандын “Луговое” темир жол станциясында Кыргызстанга алынып келаткан 500 вагон, Орусия менен Казакстандын чек арасында дагы 400 цистерна күйүүчү май кармалып турат. Бул Кыргызстанда кара майдын кымбатташына себеп болду. (BkA)

XS
SM
MD
LG