Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Израил менен Хамас кыймылынын атышуусу уланууда


Газа тилкесине абадан урулган соккудан өлгөндөрдүн арасында жайкын тургундар көп экени тууралуу айтылууда, 10-июль, 2014
Газа тилкесине абадан урулган соккудан өлгөндөрдүн арасында жайкын тургундар көп экени тууралуу айтылууда, 10-июль, 2014

Израил аскерлери Газа тилкесине абадан жана деңизден чабуул коюп жатканына бүгүн төрт күн болду. Ошол эле маалда Палестинадагы Хамас исламчыл кыймылынын согушкерлери Израилге мурдагыдан да көбүрөөк ракета ата баштаган. Бүгүн Газага абадан урулган соккудан беш палестиналык курман болду. Палестин бийликтери өлгөндөрдүн жалпы саны 100гө жеткенин кабарлашууда.

Британиянын мурдагы премьер-министри, азыр Жакынкы Чыгыш боюнча ортомчу өлкөлөрдүн тобунун өкүлү Тони Блэр бүгүн Иерусалимде сүйлөп: "Менимче, биз шашылыш түрдө абалды турукташтыра турган кыска мөөнөттүү болсо да келишимге жетишүүбүз керек. Бирок азыркыдай өтө чыңалган, зордукчул аракеттер күчөп турган чакта биз узак убакытка иштей турган тынчтык планын кайсыл бир формада сунуштабасак, берегидей кыска мөөнөттүү келишимге бара албайбыз деп турам", - деди.

АКШнын президенти Барак Обама бейшембиде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшүп, Кошмо Штаттары азыр атышууларды токтотууга жардам берүүнү каалай турганын айтты жана эки тарапты тең сабырдуулукка үндөдү.

XS
SM
MD
LG