Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Украинада ракета чабуулунан 19 өкмөттүк аскер курман болду


Өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлагандай, жума күнү сепаратисттердин “Град” жапырт атчу реактивдүү системасынын чабуулунан Орусия менен чек арага жакын жерде кеминде 19 аскер набыт болду. Министрликтин расмий өкүлү, мындан сырткары, 10-июлдан берки атышууларда 23 аскер окко учканын, 100гө жакыны жаракат алганын кошумчалады. Украинанын президенти Петро Порошенко жума күнү чукул жыйындан кийинки билдирүүсүндө анын өкмөтү ракета чабуулун жасаган сепаратисттерди “таап, жок кыларын” айтты.

XS
SM
MD
LG