Ош облусунун Ноокат районунда кечээ жоголуп кеткен эки жашар наристени издеп жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, кечээ Баглан айылынын тургуну Өмүрбек Куштаров эки жашар уулу менен “Абшыр-Ата” эс алуу жайына барып, ошол жактан баласын жоготуп жиберген.
Издөө иштерин жүргүзүүгө Кызыл-Кыя шаарындагы №4 мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу кызматынан беш куткаруучу тартылды. (RK)