Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Ош: 12 адам абакта мыйзамсыз камалып жатат


Жалал-Абаддын Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык ооруканада бош орун жок болгондуктан ал жакка бара турган 12 адамды Оштогу №25 абакта кармоого туура келүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган абактан кабарлашты. Ал жерде кылмышка шектүүлөр убактылуу камакта жатат. Алардын ичинен 12 адамды сот психиатриялык ооруканага жөнөткөнү менен бул талап аткарылбай турат. Жетөөнү дарылоо керек, ал эми бешөө текшерүүдөн өтүүсү зарыл. Айрымдарынын мөөнөтү өтүп баратат.

Убактылуу кармоочу жайдын жетекчилиги психикалык оорулууларды бир нече жолу Кызыл-Жардагы ооруканага алып барганын, бирок орун жоктугун айтып аларды улам артка кайтарып жатканын айтууда. (YI)

XS
SM
MD
LG