Линктер

бейшемби, 25-май, 2017 Бишкек убактысы 20:29

Керри Кабулдагы сүйлөшүүлөрүн улантууда


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри кечээтен бери Кабул шаарында Абдулла Абдулла жана Ашраф Гани менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Алар экөө тең өзүлөрүн президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп эсептейт. Өлкөнүн шайлоо комиссиясы Ашраф Гани көбүрөөк добуш алганын айтып, аны жеңүүчү атаган. Бирок Абдулла буга макул болбой, ага берилген добуштар туура эмес саналып калганын айтууда.

Жон Керри президенттик кызматты өткөрүп кетип жаткан Хамид Карзай менен да жолукту.

АКШ президенти Барак Обама эгер кимдир бирөө бийликке мыйзамсыз жол менен келе турган болсо ошол замат Ооганстанга жөнөтүлүп жаткан америкалык жардам токтотуларын эскерткен. (RK)

XS
SM
MD
LG