Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Жалал-Абадда тоют баасы эмитен кымбат


Жалал-Абаддын тоо аймактарынын 30-35 пайызында быйыл чөп болбой калды. Кабарчыбыздын айтымында, мындан улам облуста тоюттун баасы жогору болууда.

Беденин пресстелген бир таңгагы былтыркы 70-80 сомдун ордуна 150-160 болуп жатат. Самандын бир таңгагы былтыркы баадан 20-30 сомго кымбаттап, 70-80ден сатылууда. Тоютту эмитен Чүй өрөөнүнөн сатып алып, облус аймагына ташып жаткандар бар.

Жалал-Абад облусунда катталган 246 миң бодо мал, 1 миллион 200 миң кой-эчки, 56 миң жылкынын кышкы жемине кесек тоюттан эле 690 миң тонна керектелерин облустук бийликтен билдиришти. (YA)

XS
SM
MD
LG